Өлкөдө "Таза аба" аттуу бир айлык экологиялык акция башталды

Коом 18 сентябрь 2025 12:31
IMG-20210731-WA0028-800x450-1.jpg
549527859_782931001026698_1444942789281691695_n.jpg
549533151_782931061026692_7375699834343007080_n.jpg
549680059_782931101026688_4672267281257560092_n.jpg
550178776_782930891026709_6673356083021333489_n.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20210731-WA0028-800x450-1.jpg
549527859_782931001026698_1444942789281691695_n.jpg
549533151_782931061026692_7375699834343007080_n.jpg
549680059_782931101026688_4672267281257560092_n.jpg
550178776_782930891026709_6673356083021333489_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда "Таза аба" аттуу бир айлык экологиялык акция башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция 16-сентябрь - дүйнө жүзү боюнча Озон катмарын коргоонун эл аралык күнүнө карата өтүүдө. Бул күн БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан озон катмарын бузган заттар боюнча Монреал протоколунун кабыл алынган күнүн эскерүү максатында негизделген. Аталган күн озон катмарын коргоонун маанилүүлүгү тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана бул багытта мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган.

Акция атмосфералык абанын сапатына көңүл буруу жана жарандарды озон катмарын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо иш-аракеттерине тартуу максатында өткөрүлүүдө. Анын алкагында муздаткыч заттарды жана аларды камтыган жабдууларды импорттоо менен алектенген бизнес өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.

Жолугушууда Кыргызстандын Монреал протоколу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча алган милдеттенмелерин аткаруу маселелери каралып, озон катмарын бузган заттар менен алардын ордун басуучулардын импорту жана жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун актуалдуу жагдайлары талкууланды.

Министрлик Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерди натыйжалуу аткаруу жана атмосфералык абаны, озон катмарын ишенимдүү коргоо үчүн бизнес коомчулугу менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнүн маанисин белгиледи.