Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 14 Апрель 2025 09:08
WhatsApp Image 2025-01-29 at 13.22.27.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Чүй облусу – 5;
  • Бишкек шаары – 3;
  • Талас облусу – 3;
  • Ош шаары – 2;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу– 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.