Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү тармагында 600 кыска мөөнөттүү онлайн курстар https://kesip.edu.gov.kg/ky платформасында жайгаштырылган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнура Мамырова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кыска мөөнөттүү онлайн курстарга жарандар каалаган тармакты, аймакты тандап, онлайн түрдө арыз бере алат.
“Учурга чейин онлайн курстардан 3 миң 600 жаран окуган. Бул заман талабына жараша жаңы көндүмдөр. Ишкерчилик, IT , программист, лидерлик жөндөмдөр жана башка бүгүнкү күндө актуалдуу болгон курстар бар. Алар негизинен кыргыз, орус тилдеринде өтүлүп, бардык суроолорго жооп берген насаатчы чат-бот иштейт. Окууну бүткөндө санариптик форматтагы сертификат берилет”,- деди Мамырова.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 93 кесиптик лицей бар экендигин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы билдирди. Маалымдалгандай, Бишкек шаарында 16, Чүй өрөөнүндө 14, Таласта 6, Ысык-Көлдө 8, Нарын облусунда 6, Ош облусу менен Ош шаарында биргеликте 14, Жалал-Абадда 18, ал эми Баткенде 11 кесиптик лицей бар.
“Бардык лицейлерде окуу бюджеттик түрдө жүргүзүлөт. Биздин окуучулар 9-класстан кийин 2 жыл окуйт. Негизги бүтүрүүчүлөргө окууну аяктаганда аттестат жана окуган кесибине жараша диплом берилип, бир кесиптин ээси болуп чыгышат. Ал эми 11-классты бүтүп бизге окууга тапшыргандар 10 ай окуп, кесипке ээ болуп чыгышат. Бүгүнкү күндө жалпы кесиптик лицейлерде 26 миң бала билим алууда. Андан тышкары, кыска мөөнөттүү курстарда 12 миң жаран окуйт. Кыска мөөнөттүү курстар 3 айдан 6 айга чейин болот. Бул заман талабына жараша негизинен кыска мөөнөттүү IT курстар”,- дейт ал.
Ошондой эле бүгүнкү күндө кесип тандоодо суроо-талап көп болуп жаткан эң негизги кесиптик багыттар төмөнкүлөр экенин адис кошумчалады:
- коомдук тамактануу;
- мейманкана кызматы;
- куруучуларды даярдоо сектору;
- айдоочу, автотранспортту тейлөө;
- айыл чарба тармагы;
- ветеринардык медицина;
- тигүүчүлөрдү даярдоо;
- IT, маалыматтык коопсуздук тармагы.