Өлкөдө сугат суу тартыш эмес - Суу ресурстары кызматы

Коом Загрузка... 19 Июнь 2025 10:40
1077616809_0_0_3074_1730_600x0_80_0_0_473346c9e37a9e117589025cd545236c.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Өлкөнүн бардык облустарында сугат иштери кызуу жүрүп, сугат суу тартыш эмес. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын башкы адиси Мавлянбек Токтобаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, түштүк аймактарда кылкандуу дан эгиндер сугарылып бүтүп, түшүм жыйноо иштери башталды.

"Дыйкандарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо максатында президенттин тапшырмасы менен учурда 100 суу сактагыч куруунун үстүнөн иштеп жатабыз. Азыр бардык облустарда ондогон суу сактагычтардын долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Быйыл 5 суу сактагычты дыйкандарга пайдаланууга берүү пландалууда", - дейт Токтобаев.

Ошондой эле 5 суу сактагыч ишке кирсе, 8 миң 129 га жер аянтынын суу менен камсыздалышы жакшырып, 5 миң 995 гектар жер өздөштүрүлүп, кайрак жерден суулу жерге айландырыларын кошумчалады.

"Климаттын өзгөрүлүшүнө жараша мөңгүлөр ээрип, суу сугатка керек эмес учурда агып кетип жаткандыктан, сууну кармап калып кийин пайдалануу максатында суу сактагычтарды куруу зарыл. Союз учурунда эсептелгендей Кыргызстандын аймагында 48 млрд куб метр дарыялардын жылдык чыгымы болгон. Ал эми азыр мөңгүлөрдүн ээриши менен суу көбөйгөндөй. Бирок, суу дыйкандарга керек учурда эмес, кеч келүүдө",- дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 млн 23 миң гектар сугат жер бар. Бул жерлерди суу менен камсыз кылууда 3,5 миңдей суу чарба кызматкерлери райондук, облустук деңгээлде иш алып барууда.