Өлкөдө социалдык жөлөк пул алуучулардын саны көбөйдү – Эмгек министрлиги

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 16:07
525005639_1196369859199352_527228275795364077_n.jpg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. 2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 112,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ай сайын социалдык жөлөк пулдарды төлөөнүн жалпы көлөмү 4 млрд 422,2 млн сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ай сайын социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 1 357 адамга көбөйдү

Анын ичинен:

  • бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948 адамга;
  • багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө көбөйүп, жалпы 21 243 балага жетти.