Өлкөдө ОСАГО полисин алгандардын саны өсүүдө

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 11:02
1022341544_0_9_1600.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Өлкөдө унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) алгандар көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалында 204 полис берилди. Бул унаа ээлеринин мыйзам талабын өз убагында аткарууга болгон аракетин көрсөтөт.

Мындан тышкары, 26-июнга карата республика боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • Нарын облусунда – 550 полис;
  • Ош облусунда – 2 014 полис;
  • Баткен облусунда – 971 полис;
  • Талас облусунда – 575 полис.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму калкты ОСАГО боюнча маалымат алуу жана полис сатып алуу үчүн облустагы жана райондордогу бардык филиалдарга кайрылууга чакырат. Белгиленгендей, бардык кеңселер кеңейтилген тартипте, айрымдары 24/7 режиминде иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу" тууралуу мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.