Өлкөдө одоно мыйзам бузган 78 жеке клиниканын иши токтотулду

Ден соолук 24 Июль 2025 18:10
524168958_767814162312621_6927852908698406808_n.jpg
522717224_767817522312285_7096071863362833046_n.jpg
523116457_767816392312398_4943825890658075797_n (1).jpg
523133504_767813985645972_2816793244022549939_n.jpg
523341018_767817072312330_649297585088770783_n.jpg
523341975_767816892312348_5323097555356284617_n.jpg
523688237_767817222312315_4678125573959231744_n.jpg
523982862_767814382312599_1578656136139695273_n.jpg
524149688_767816525645718_8886015612729127514_n.jpg
Алдыга
Артка
524168958_767814162312621_6927852908698406808_n.jpg
522717224_767817522312285_7096071863362833046_n.jpg
523116457_767816392312398_4943825890658075797_n (1).jpg
523133504_767813985645972_2816793244022549939_n.jpg
523341018_767817072312330_649297585088770783_n.jpg
523341975_767816892312348_5323097555356284617_n.jpg
523688237_767817222312315_4678125573959231744_n.jpg
523982862_767814382312599_1578656136139695273_n.jpg
524149688_767816525645718_8886015612729127514_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки айда Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Текшерүүлөр "Лицензиялоо жана уруксат берүү тутуму жөнүндө" жана "Жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлдү.

Жалпы жонунан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерүүгө алынып, алардын ичинен 37си (31,6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Калган 80 уюмдун (68,4%) лицензиясы болгону менен, алардын көбүндө лицензиялык талаптардын бузулушу катталган.

Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча административдик чаралар колдонулду. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 4,5 млн сомдон ашты.

Мындан тышкары, 78 медициналык уюмдун иши убактылуу токтотулду. Лицензиясы жок мыйзамсыз медициналык ишмердик жүргүзгөн 37 учур боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп, мыйзам чегинде тийиштүү баа берүү жана чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Эң көп кездешкен мыйзам бузуулар:

  • лицензиясы жок же лицензияда каралбаган багыттар боюнча кызмат көрсөтүү;
  • медициналык кызматкерлердин сертификаты, аккредитациясы же тиешелүү адистигинин жоктугу;
  • медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу;
  • санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу, антисанитардык шарттар;
  • медициналык шаймандарды стерилизация кылбоо;
  • дары-дармектерди туура эмес сактоо жана колдонуу, анын ичинде өзгөчө көзөмөлдөгү препараттар;
  • оорунун негизделбеген диагноздору жана медициналык процедураларды жөнсүз дайындоо.

Саламаттык сактоо министрлиги лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуу жарандардын ден соолугу жана жашоосу үчүн чоң коркунуч жаратарын эскертет. Мыйзамдуу уруксаты жана тийиштүү билими жок адамдар тарабынан көрсөтүлгөн "медициналык кызматтар" орду толгус зыянга алып келиши мүмкүн. Практикада буга байланыштуу бир нече конкреттүү учурлар катталган — туура эмес сайылган уколдор, жугуштуу илдеттерге кабылуу, сапатсыз процедуралардан кийин жаралган оорулардын күчөшү жана башка.

Министрлик жарандарды жана өлкө конокторун мыйзамдуу лицензиясы бар медициналык мекемелерге гана кайрылууга чакырат. Мекеменин лицензиясы бар же жогу, ошондой эле кандай кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу экендиги тууралуу маалыматты бул шилтеме аркылуу Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтындагы "Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо" бөлүмүнөн алуу мүмкүн.