Өлкөдө өнөр жай продукциясын кайра иштетүүнү 50 пайызга жеткирүү пландалууда

Экономика 16 сентябрь 2025 10:24
gida-urunlerinin-saglik-sertifikasyonu.jpg
2724eead-6abe-46af-8a15-2f58bb5c8e01.jpg
931efd5f-8dad-44f9-ba2f-bf394142e2c9.jpg
8e0a5551-7d4c-41ef-9347-e9da11937f10.jpg
1efe039b-459e-48dc-9197-304485d96467.jpg
Алдыга
Артка
gida-urunlerinin-saglik-sertifikasyonu.jpg
2724eead-6abe-46af-8a15-2f58bb5c8e01.jpg
931efd5f-8dad-44f9-ba2f-bf394142e2c9.jpg
8e0a5551-7d4c-41ef-9347-e9da11937f10.jpg
1efe039b-459e-48dc-9197-304485d96467.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2040-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 50 пайызга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестиция тартуу" аттуу форумунда билдирди. 

Анын айтымында, мындай талап президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө" жарлыгында айтылган.

"Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында министрликте иш-чаралар планы кабыл алынып, кайра иштетүү продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 2025-жылы – 10 пайызга, 2030-жылы – 30 пайызга, 2040-жылы – 50 пайызга жеткирүү пландалган", - деп билдирди Төрөбаев.

Форум эл аралык институттардын, элчиликтердин, финансылык институттардын, өнүктүрүү фонддорунун жана банктарынын, президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн, министрлер менен ведомстволордун башчыларынын, кайра иштетүү ишканаларынын катышуусунда өтүүдө.