Өлкөдө өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо чаралары күчөтүлүүдө

Экономика 17 июль 2025 12:36
photo_5458488990803031506_y 1.jpg
photo_5456499793879759087_y 1.jpg
photo_5458488990803031508_y.jpg
4 2.jpg
Алдыга
Артка
photo_5458488990803031506_y 1.jpg
photo_5456499793879759087_y 1.jpg
photo_5458488990803031508_y.jpg
4 2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Өлкөдө ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо чараларын күчөтүлүүдө. Бул тууралуу күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгы алдында өткөн бизнес-коомчулук менен кеңейтилген жолугушууда айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууга өндүрүштүк сектордун өкүлдөрү, экспорттук компаниялар, тармактык ассоциациялар, ошондой эле самын жана жуугуч каражаттар, жашылча-жемиш, коондор, бал жана башка багыттар боюнча кластердик бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги максаты "Кыргыз Республикасынын ата мекендик өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтом долбоорун талкуулоо болду.

Документ экспорттоочулардын товар ташууга, эл аралык стандарттарды киргизүүгө кеткен чыгымдарын, ошондой эле чет элдик көргөзмөлөргө жана форумдарга өз алдынча катышып, жыйынтыгында келишимдер түзүлгөн учурлардагы чыгымдарын жарым-жартылай жабууну карайт.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан конкреттүү сунуштар жана сунуштамалар берилди. Алар кыргыз продукциясынын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган колдоо механизмин өркүндөтүүгө негиз болот.