Өлкөдө малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу программасы старт алды

Коом Загрузка... 13 Август 2025 10:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу программасы старт алды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда Чүй облусундагы техник-уруктандыруучулар үчүн үч күндүк семинар өтүп жатат.

Окутуунун алкагында катышуучулар жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары, малды көбөйтүүнүн заманбап методдору, асылдандыруунун негиздери боюнча терең теориялык билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болууда.

Бул иш-чара Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана малдын асыл тукум сапатын жакшыртуу максатында уюштурулууда.

Семинар БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Эскерте кетсек, бир ай мурда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев өлкө боюнча сатып алынган бодо малды жасалма уруктандыруучу 160 жабдык-шаймандарынын 18 даанасын Чүй облусунун техник-уруктандыруучуларына тапшырган.

Жасалма уруктандыруу:

  • тукум сапатын жакшыртат;
  • өндүрүмдүүлүктү жогорулатат;
  • чыгымды азайтып, кирешени көбөйтөт;
  • жугуштуу оорулардан сактайт;
  • тукумсуздукту алдын алат.

Маалымат үчүн: Акыркы жылдары бул тармак туруктуу өсүүдө жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь-май айларында ички дүң продукция 573,1 млрд сомду түзүп, 12,3 пайызга өстү. Айыл чарба өндүрүшү 82,3 млрд сом болуп, анын ичинен мал чарбасынын өсүү темпи 103 пайызды түзгөн.