Өлкөдө ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун пайызсыз насыя берилди

Экономика Загрузка... 22 Август 2025 11:00
News_17822969166757417026076297966096791873.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Финансы министрлиги ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун суммада пайызсыз насыяларды берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, насыя "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында берилди.

Өлкөдө 2021-жылдын 31-мартында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо" долбоору ишке киришкен.

2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан. Ошондон бери насыяны 11 миң 765 ишкер алган. Анын ичинде:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 594 ишкерге 5 млрд 700 млн 582 миң 424 сом берилген;
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 2 миң 171 ишкер насыя алган.

Жалпы сумма 3 млрд 665 млн 323 миң 100 сомду түзгөн. Долбоор өлкөнүн бардык аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Маалымат үчүн: Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:

1-Категория - КР салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.

2-Категория - КР салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.

Долбоордун алкагында айыл чарбасы каржыланбайт, насыя кыргыз сому менен пайызсыз берилет:

  • финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин;
  • жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин.

Каржылык жардамдын суммасы:

  • 1-категория үчүн – 1 млн сомго чейин;
  • 2-категория үчүн - 3 млн сомго чейин.

Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.