Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда футбол боюнча негизги клубдук мелдештердин байге фонду жогорулады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди аткаруу комитети кабыл алды. Бул максатта 2025-жылы 230 миң доллар бөлүндү.
КФБ эгидасы алдында өткөн негизги футбол турнирлерине сыйлыктарды бөлүштүрүү тартиби төмөндөгүдөй болот:
Кыргыз Республикасынын Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 150 миң долларды түзөт. Чемпион болгон командага 70 миң доллар, экинчи орунду алган командага 50 миң доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 30 миң доллар ыйгарылат.
- Кыргызстандын кубогу — 50 миң доллар (кубок ээси үчүн).
- Кыргызстандын суперкубогу — 30 миң доллар (Суперкубок ээси үчүн).
"Бул демилге улуттук турнирлердин аброюн көтөрүүгө, атаандаштыкты күчөтүүгө жана футбол клубдарын кошумча шыктандырууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.