Өлкөдө эпизоотиялык абалды көзөмөлдөгөн лаборатория куруу пландалууда

Коом Загрузка... 15 Ноябрь 2025 15:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда эпизоотиялык абалды толук көзөмөлдөй ала турган лаборатория куруу пландалууда. Бул тууралуу министирлер кабинетинин төрөгасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Озерный айылында жайгашкан Илимий эксперименталдык базада өткөргөн көчмөн жыйынында белгилүү болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган база Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна карайт.

Жыйында Илимий эксперименталдык базада дүйнөлүк талаптарга жооп берген, молекулярдык жана генетикалык заманбап ыкмаларын колдонуу аркылуу терең изилдөөлөр жүргүзүлүп, ар кандай мал ылаңдарынын козгогучтарынын түрдүү штаммдарын аныктай турган, вакциналардык эффективдүүлүгүн текшерүүчү референс лабораториясын куруу пландары талкууланды.

Белгиленгендей, лаборатория курулса эпизоотиялык абалды толук көзөмөлдөөгө шарттар түзүлүп, өлкөдөгү мал жана балык чарбаларынан өндүрүлгөн продукцияларды дүйнөлүк рынокко тоскоолдуксуз чыгарууга өбөлгө түзүлөт.