Өлкөдө электр энергиясын керектөө жылына 5–7%га өсүүдө

Коом 21 Август 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-08-21 at 16.09.36.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жыл сайын орточо 5-7 пайызга өсүүдө. Быйыл жыл жыйынтыгы менен керектөөнүн 7 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов “Кабар“ агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКсында 1 млн 642 миң электр энергиясын керектөөчү катталган.

“Керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнүн себеби — өлкө өнүгүп жатат. Ар бир үй-бүлөдө электр энергиясын керектөө да өсүүдө. Бишкекте жана башка аймактарда көп кабаттуу үйлөр курулуп, жылына 100дөн ашык өндүрүш объектиси ишке кирүүдө. Мунун баары керектөөнүн өсүшүнө түрткү болууда”, - деди Исмаилов.