Өлкөдө чакан ишкерлерге 211 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 01 Декабрь 2025 13:45
1_aaK00L6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. 30-октябрга карата “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоорунун алкагында 68 каржылоо субъекттерине женилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын суммасы 211,87 млн сомду түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500 млн сом суммасын түзөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор өлкөнүн чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин тескемеси менен бекитилген.