Кыргызстандын калемпири Россияга жана коңшу өлкөлөргө экспорттолот

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. 110 гектар жерди ижарага алып, жалпысынан 600 гектардан ашык аянтты иштеткен "Жарык ынтымак" кооперативинде болгар калемпиринин биринчи терими башталганы турат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кооперативдин негизги багыты болгар калемпирин өстүрүү болуп саналат. Учурда талааларда анын үч сорту – жергиликтүү "Ласточка", Молдовадан келген "Полет" жана Россиядан алынып келинген "Лидер" сорттору өстүрүлүүдө. Заманбап агротехнологияларды жана тамчылатып сугаруу тутумун киргизүүнүн натыйжасында быйыл гектарынан 20 тоннадан ашык түшүм алуу пландалууда.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 09.46.18 (2).jpeg
"Кооператив салттуу сугаруудан толугу менен сууну үнөмдөөчү тамчылатып сугаруу системасына өткөн. Ошондой эле министрликтин колдоосу менен жеңилдетилген лизинг аркылуу заманбап айыл чарба техникаларын сатып алган", - деп айтылат маалыматта.
WhatsApp Image 2026-07-13 at 09.46.19.jpeg

Жыйынтыктоочу фазада өстүрүлгөн продукция ички рынокту камсыздоодон сырткары, Россияга жана коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Кооперативде калемпирден сырткары жүгөрү, пияз жана башка өсүмдүктөр да өстүрүлөт. Сезон ичинде жалпысынан үч жолу терим өткөрүлөт.