Бир аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби Загрузка... 17 Ноябрь 2025 11:05
WhatsApp Image 2025-11-17 at 10.30.28.jpeg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. 10-ноябрдан 16-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 26 365 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 2 177;
  • мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 336;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 162;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 122;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 925;
  • авто ээнбаштык – 19;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 029;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 369;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 219 унаа айып короосуна токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.