Өлкөдө бир суткада 4 өрт катталды - ӨКМ

Кырсык 24 апрель 2025 09:54
Өлкөдө бир суткада 4 өрт катталды - ӨКМ

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 4 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.