Сутка ичиндеги статистика: Өлкөдө 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 27 март 2026 10:00
Сутка ичиндеги статистика: Өлкөдө 21 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 21 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында — 1;
  • Чүй облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 5;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Ысык-Көл облусунда — 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.