Өлкөдө бир аптада 23,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби
Өлкөдө бир аптада 23,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 3-ноябрдан  9-ноябрга   чейин өлкө аймагында 23 миң 654 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу - 1 878;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 309;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 138;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 762;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 256;
  • Авто ээнбаштык -24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 387;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу - 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 694;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 201  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.