Бардык тигүү фабрикалары үчүн бирдиктүү иштөө шарттары түзүлөт — адис

Экономика Загрузка... 09 Декабрь 2025 11:06
photo_2023-04-25_16.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда тигүү ишканаларынын бардык категориялары үчүн бирдиктүү шарттарды түзө турган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Ала-Тоо LIVE программасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы эрежелер тигүүчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзөт. Камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык акынынын 40%ынан 12% өлчөмүндө эсептелип, орточо 2 200 сомдун тегерегин түзмөкчү. Мындан тышкары, белгилүү бир мөөнөткө киреше салыгынан бошотуу да киргизилиши мүмкүн.

"Бул тигүүчүлөрдү оор мезгилде колдоого алып, бизнесин мыйзамдаштырууга түрткү берет", — деди Ысабеков.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров тигүү тармагынын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоого багытталган "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын алкагында тигүү тармагын жана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүүгө багытталган төмөнкү негизги чаралар каралган.

Салыктык жана камсыздандыруу жүгүн азайтуу, анын ичинде:

– тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын азайтуу;

– тигүү өнөр жай ишканалары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү;
– чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын азайтуу;
– Кыргызстандын аймагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө;
– чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлүүчү транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө.

Белгилей кетсек, тигүү тармагы Кыргызстандагы иштетүү өнөр жайынын негизги багыттарынын бири болуп, калкты жумуш менен камсыз кылууга жана экспорттун өсүшүнө олуттуу салымын кошот. Атаандаштык өсүп жаткан учурда салыктык жана камсыздандыруу жеңилдиктери бул тармактын туруктуу өнүгүшү үчүн абдан маанилүү.

Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сектордун социалдык-экономикалык туруктуулугун бекемдөө максатында тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү кароо сунушталган.