Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Салих Аква" балык чарба комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, комплекс балык тоютун өндүрүү, икра инкубациялоо, чабак өстүрүү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын, ошондой эле кайра иштетүүнү камтыйт. Учурда жылына 3 миң тоннага чейин даяр продукция өндүрө турган балыкты кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө.
Мындан тышкары, Курпсай суу сактагычында форель өстүрүүчү чарбаны 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага чейин жеткирүү, ал эми Сузак районунда жылына 270 тонна балык өндүрүүчү осетр чарбасын өнүктүрүү пландалууда.
Долбоорлор товардык өндүрүштү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, импортту алмаштырууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.