Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталды

Ден соолук Загрузка... 01 Октябрь 2025 13:36
WhatsApp Image 2025-10-01 at 13.35.05.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Бүгүндөн тарта өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча “Айымдардын ден соолугу” бир айлыгы башталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоорунун координатору Рахат Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, бир айлык өлкөнүн ар бир аймагында өткөрүлмөкчү. Бир айлыктын максаты - 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерине барууга шыктандырууга багытталган.

“Кайсы гана оору болбосун аны алдын алып, даарылоо алда канча пайдалуу. Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетинин өнүгүү тобокелдигин аныктап, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин текшертип, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрыла алышат”,-деди ал.