Өлкөдө авиациядагы аялдарды колдоо жаңы деңгээлге чыгууда

Коом 6 август 2025 15:48
528099915_1048779757416425_4079329220244617114_n.jpg
528786383_1048779807416420_4336747711545437786_n.jpg
529254946_1048779767416424_2288017926702521571_n.jpg
Алдыга
Артка
528099915_1048779757416425_4079329220244617114_n.jpg
528786383_1048779807416420_4336747711545437786_n.jpg
529254946_1048779767416424_2288017926702521571_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААК менен БУУ-Аялдар түзүмү биргеликте стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Документ "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын теңчилик, инклюзия жана туруктуу өнүгүү принциптерин жактагандыгын ырастап, компаниянын терең баалуулуктарын жана коомдо позитивдүү өзгөрүүлөрдү түзүүгө умтулгандыгын чагылдырып турат.

Аялдар – өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү жана алардын экономикага, башкарууга, чыгармачылык менен инновацияга кошуп жаткан салымдары баа жеткис.

"Меморандумдун алкагында БУУ-Аялдар уюму менен өнөктөштүктө аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, уюмдун ичинде гендердик теңдикти жогорулатууга, ошондой эле авиация тармагында аялдардын лидерлигин колдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу каралган", - деп айтылат маалыматта.