Өлкөдө 9 айда 10 өзгөчө кырдаал катталды

Коом 9 октябрь 2025 10:10
531939212_1164830945689630_4708334110876861932_n.jpg
558073535_1211227217716669_7476114733686048600_n.jpg
558203493_1211227391049985_2025140820116029880_n.jpg
558284066_1211227577716633_5124902769915894895_n.jpg
559904937_1211227411049983_5642289808295289032_n.jpg
Алдыга
Артка
531939212_1164830945689630_4708334110876861932_n.jpg
558073535_1211227217716669_7476114733686048600_n.jpg
558203493_1211227391049985_2025140820116029880_n.jpg
558284066_1211227577716633_5124902769915894895_n.jpg
559904937_1211227411049983_5642289808295289032_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Быйыл 9 ай ичинде республиканын аймагында 10 өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 16 адам каза болду. Келтирилген материалдык чыгым 45 млн 580 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине өзгөчө кырдаалдардын саны 92,25%, ал эми материалдык чыгым 96%га азайган.

"Ал эми кырсыктардын статистикасын карасак, өлкөдө жалпы 3286 кырсык катталган, былтыркыга салыштырмалуу 15% көп, каза болгондор 243тү түзүп, 3,2%га азайган. Мындан материалдык чыгым 1 млрд 551 млн 27 миң сомду түздү. Ошондой эле куткаруучулардын күжүрмөн аракеттери менен ар кандай кырдаалдардан 342 адам өмүрү сакталды. Бул өткөн жылга караганда 46,15%га көп”, - деди Акылбек Мазарипов.

Ал белгилегендей, селдин алдын алуу, дамбаларды, селканаларды бекемдөөгө жалпы 241 объект каралып, 9 айдын жыйынтыгы менен 216 объектте жумуштар аткарылып, натыйжада 11 миң 128 кожолук, 1697 га айыл чарба аянттары корголгон. Анын экономикалык натыйжалуулугу 68,6 эсеге жогорулаган.