Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. 2025-жылдагы дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери республика боюнча ыкчам жүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 8-июлга карата жалпы 653,9 миң гектар айдоо аянтынын 87,6 миң гектары жыйналып бүттү. Бул 13,4 пайызды түзөт жана 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,9 миң гектарга көп.
Негизги көрсөткүчтөр:
- буудай – 249,9 миң га аянттын 45,2 миң гектары жыйналып, 18,1 пайызды түздү (2024-жылга салыштырмалуу +21,1 миң га);
- арпа – 239,2 миң га аянттын 42,5 миң гектары жыйналып, 17,8 пайызды түздү (+14,9 миң га);
- жүгөрү, чанактуу жана башка дан өсүмдүктөрү – жыйноо иштери али баштала элек.
Жалпы жыйналган дүң түшүм – 246,3 миң тоннаны түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 80,5 миң тоннага көп.
Жыйноо иштерине жалпысынан 764 комбайн тартылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине (575 комбайн) караганда 189 бирдикке көп.