Өлкөдө 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Коом Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 14:25
WhatsApp_Image_2026_Aj5hWcH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдөгү бош жумуш орундары тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарына иш берүүчүлөр тарабынан 16 миң 106 бош жумуш орду билдирилген.

"Эң көп суроо-талап жумушчу кесиптерге байкалууда. Бүгүнкү күнгө карата 8 миң 450 бош жумуш орду бош", - деп айтылат маалыматта.