Өлкөдө 60-70% өрт кырсыгы тамактануу жайларында катталат. Соода түйүндөрү текшерилди

Коом 2 июнь 2025 17:40
489961444_1108153858024006_2333074879347343872_n.jpg
503473481_1108154004690658_9094180680994825033_n.jpg
497958340_1108153894690669_1566608488976067383_n.jpg
Алдыга
Артка
489961444_1108153858024006_2333074879347343872_n.jpg
503473481_1108154004690658_9094180680994825033_n.jpg
497958340_1108153894690669_1566608488976067383_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Өткөн аптада Токмок шаарында жана Кемин, Чүй райондорундагы тамактануу жайларында, соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугунун эрежелери текшерилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аларга коопсуздук эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү баракчалары таркатылды.

Статистикага таянсак, өрттүн 60-70% чыгуусу тамактануу жайларда жана соода түйүндөрүндө катталат.

Айрыкча өрт кырсыктары газ баллондордун туура эмес колдонулушунан, бузук абалдагы электр зымдарын жана башка электр каражаттарын колдонуудан келип чыгат.

"Андыктан коомдук тамактануучу жайларда жана соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугун талаптарын так сактоону эскертебиз",-деп айтылат маалыматта.