Өлкөдө 1,5 млн жаран салык төлөөчүнүн жеке кабинетин онлайн колдонууда

Экономика Загрузка... 11 Ноябрь 2025 11:04
1.jpg
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 1,5 миллионго жакын жаран салык төлөөчүнүн жеке кабинетин онлайн колдонууда, - деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов "Биринчи радионун" түз эфиринде.

Анын айтымында, салык төлөө процесстерин санариптештирүүнүн натыйжасында жеке кабинет жана мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан салык төлөө мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

"Бүгүнкү күндө 1,5 млнго жакын жаран онлайн-режимде салык төлөөчүнүн жеке кабинетин колдонот. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 160 миң адамга көбөйдү", - деди ал.

Рахманов Салык кызматы кызмат көрсөтүүчү органга айланып, жарандар менен ишкерлер үчүн салык жаатында ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына токтолду.

"Мурда жарандар салык органдарына барып кезек күтүп, документ толтурууга бир топ убакытысын коротушса, бүгүнкү күндө бардык маалыматтар жана төлөмдөр онлайн түрдө жеткиликтүү.

Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде карыздар, төлөө мөөнөттөрү, төлөнө турган суммалар боюнча толук маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн",- деп баса белгиледи Рахманов.

Ошондой эле ал жарандардын салык төлөө маданияты жогорулаганынын, салык кызматына болгон жарандардын ишенимин арттырууга багытталган иш-чаралардын натыйжалары сезилээрлик байкалып жатканын баса белгиледи.