Өлкөбүз бүгүнкү күндө өнүгүү жолуна түштү, буга чет элдиктер да суктанууда – Эдуард Кубатов

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 13:50
WhatsApp Image 2025-09-19 at 12.34.16 (1).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Өлкөбүз бүгүнкү күндө өнүгүү жолуна түшүп, чоң өзгөрүүлөр болууда. Мындай пикирин Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Пакистандагы К2 чокусун багындырып келгенден кийин облустарды кыдырууга убакыт бөлгөнүн айтып, аймактардагы өзгөрүүлөрдү өз көзү менен көргөнүн белгиледи.

“К2 чокусунан келгенден кийин өлкөбүздү кыдырып, Ысык-Көл, андан кийин Баткен, Ошко бардым. Жалал-Абаддагы жаңы Манас шаарын да көрдүм. Өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Мурда облустук шаарлар өнүгүп-өспөй эле туруп калган. Азыр бүт жерлерде жолдор, көпүрөлөр салынып, 11 аэропортто курулуш иштери жүрдү. Караколдогу аэропортко келип, өзүмдү Европада жүргөндөй сездим. Жакында Лондондон досум келген. Ал акыркы жолу Кыргызстанда 2019-жылы болгон. 7-8 күн жүрдү, өзгөрүүлөргө аябай таң калды. Мына бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. Чоң жакшылыктар дагы алдыда”, - деди ал.