Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. 29-июндан баштап 52870 аскер бөлүгүнүн базасында Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгына караштуу аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн аба-десанттык даярдоо боюнча окуу-машыгуу жыйыны өткөрүлдү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жыйынынын жүрүшүндө катышуучулар аба-десанттык даярдык боюнча теориялык билимдерди өздөштүрүп, парашютту жыйноо боюнча практикалык машыгуулардан өтүштү.
Ал эми бүгүн жыйындын жыйынтыктоочу этабында катышуучулар 800 метр бийиктиктен парашют менен практикалык секирүүлөрдү ийгиликтүү аткарышты.