Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар кызматынын инфраструктурасын жаңылоо максатында ӨКМдин 17 жаңы бөлүмүнүн имараты курулууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №39 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Анда куткаруучулар үчүн окуу, эс алуу, машыгуу бөлмөлөрү жана атайын окуу мунарасы каралган.
Ошондой эле Ысык-Көл районунун Ананьево айылында №33 бөлүктүн жаңы имараты курулууда. Жаңы объектилер ӨКМ кызматкерлеринин иш шартын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.