Өлкө боюнча электромобилдерди кубаттоочу 30 станция орнотулду

Коом 11 июнь 2026 16:40
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.26.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.52.26.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкө боюнча электромобилдерди кубаттоочу алгачкы 30 станцияны орнотту.

Ишканадан билдиришкендей, кубаттоочу станциялар калктуу конуштарга жана туристтик стратегиялык багыттарга, өзгөчө Бишкек – Торугарт жолунун боюна жайгаштырылды. Анын ичинде:

  • Чүй облусу – 14 даана;
  • Нарын облусу – 8 даана;
  • Ысык-Көл облусу – 6 даана;
  • Талас облусу – 2 даана.
"Ар бир станциянын кубаттуулугу 120 кВтты түзүп, электр унааларын кыска убакыт ичинде тез кубаттоого мүмкүндүк берет. Долбоор "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл аягына чейин өлкө аймагында мындай станциялардын санын 100дөн ашыруу пландалууда.