Өлкө боюнча дан өсүмдүктөрүнүн дээрлик 65 пайызы жыйналды

Экономика Загрузка... 04 Сентябрь 2025 11:17
WhatsApp Image 2025-09-04 at 11.13.10.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча дан өсүмдүктөрү 65 пайызга жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идирисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, дан өсүмдүктөрүнүн ичинен буудай 88 пайызга, арпа 85 пайызга, жүгөрү 6 пайызга жыйналып калды.

“Жүгөрү түштүк аймакта жаңыдан жыйналып баштады. Быйыл бардык дан өсүмдүктөрү 678 миң гектарга айдалса, анын 438 миң гектарында түшүм жыйналды. Ал эми жашылча-жемиштер жалпы 35 пайызга жыйналды. Картошка 64 миң гектар жерге айдалып, учурда 36 пайызга жакын түшүм жыйналып калды. Картошканын быйылкы орточо түшүмдүүлүгү 165 - 170 центнерден айланууда. Кочкор районунда картошканы казып алуу иштери кызуу жүрүп, түшүмдүүлүк былтыркыга салыштырмалуу жогору болууда. Ал эми техникалык өсүмдүктөр боюнча айтсак, май өсүмдүктөрү 13 пайыздын тегерегинде жыйналып, кант кызылчасы, пахта азырынча жыйнала элек”, - деди Идирисов.

Ал эми дан эгиндерин жыйноодо Нарын, Ысык-Көл облусу жана Суусамыр өрөөнү калгандыгын министрликтин өкүлү маалымдады.

“Учурда миңден ашык комбайндар иштеп, түшүм жыйноого жетиштүү. Жылдагыдай эле Чүйдөн Нарын, Ысык-Көл облустарына комбайндар жөнөтүлүүдө. Белгилей кетсек, республикадагы техниканын 70 пайыздан ашыгы жаңыланып, калганы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп иш үстүндө. Республикада түшүмдү оруп жыйноо иштери активдүү жүрүүдө”, дейт ал.

Ошондой эле жалпы республика боюнча түшүмдүн сапаты жакшы бааланып, фермерлер түшүмдү сактоо жана кайра иштетүү иштерине активдүү катышып жатканы кошумчаланды.