Өлкө боюнча айдоочуларды даярдаган 340 окуу жайы бар – Бакыт Насиров

Коом Загрузка... 13 Август 2025 12:32
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча айдоочуларды даярдоочу жана кайра даярдоочу жалпы 340 окуу жай бар. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 11.49.39 (2).jpeg

Анын айтымында, анын ичинен 74ү мамлекеттик, 266сы жеке менчик.

“2025-жылдын 6 айында аталган агенттиктин лицензиялоо бөлүмү 41 окуу жайда пландуу текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Айдоочуларды даярдоочу жана кайра даярдоочу окуу жайларга 22 лицензия берилген, анын ичинен 11и окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу, 10у жаңы окуу жайлардын ачылышына байланыштуу. Ошондой эле 1 лицензия юридикалык жактын аталышы өзгөргөндүктөн кайра таризделген”,-деди ал.