Өлкө боюнча 10 көмөк чордондо күч трансформаторлору алмаштырылууда

Коом 21 август 2025 16:40
536267783_759298286695149_8157398819790087064_n.jpg
536270475_759298163361828_2445525668226313887_n.jpg
536272046_759298253361819_5035967501617117128_n.jpg
536279039_759298213361823_5708190977221880184_n.jpg
536283803_759298263361818_5842525555792862794_n.jpg
536286061_759298193361825_475760062548242985_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 10 көмөк чордондордо күч трансформаторлору алмаштырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан аткарылууда.

Учурда республика боюнча кубаттуулугу 16 МВА болгон 35 кВ күч трансформаторлору 10 көмөк чордондордо алмаштырылды. Бул энергообъектилеринин кубаттуулугун жогорулатып, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырат.

Ошентип, облустар боюнча төмөнкү күч трансформаторлору алмаштырылууда:

  • 35/10 кВ «Водоканал» көмөк чордону – Бишкек шаары;
  • 35/10 кВ «Достук» көмөк чордону – Чүй облусу;
  • 35/10 кВ «Кудайберген» көмөк чордону – Чүй облусу;
  • 35/10 кВ «Военно-Антоновка» көмөк чордону – Чүй облусу;
  • 35/10 кВ «25 лет Кыргызстан» көмөк чордону – Чүй облусу;
  • 35/10 кВ «Южная-1» көмөк чордону – Ысык-Көл облусу;
  • 35/10 кВ «Животноводческая» көмөк чордону – Баткен облусу;
  • 35/10 кВ «Комсомол» көмөк чордону – Жалал-Абад облусу;
  • 35/10 кВ «Речная» көмөк чордону – Ош облусу;
  • 35/10 кВ «Ош-7» подстанциясы – Ош облусу.