Өлкө башчысы ата мекендик өндүрүшкө басым жасоого чакырды

Президент Загрузка... 11 Март 2026 12:30
hd-1750225327839.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып депутаттарды, министрликтерди жана куруучуларды ата мекендик өндүрүшкө басым жасоого чакырды.

"Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30 пайыз экспорттоп, 70 пайыз импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60 пайызга чейин азайды. Мисалы, жакында Кара-Балта шаарында балык жемин чыгаруучу завод ишке кирди. Балык өстүрүүчүлөр тоютту ошол жерден алышса болот. Ал жерде өндүрүлгөн тоют Европа өлкөлөрүнүкүнөн кем калышпаган сапатта чыгарылууда.
Ошондой эле буга чейин курулуш материалдарын башка мамлекеттерден алып келчүбүз. Азыр бир катар курулуш материалдарын өзүбүз чыгарып, атүгүл экспорттой баштадык", — деди өлкө башчысы.