Өлкө аймагында жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар текшерилүүдө

Коом 917 25 Февраль 2025 11:41
480969732_944324271209653_815209352592464686_n.jpg
480522974_944324267876320_6355919758260227827_n.jpg
480235617_944324264542987_3502406342898482970_n.jpg
Алдыга
Артка
480969732_944324271209653_815209352592464686_n.jpg
480522974_944324267876320_6355919758260227827_n.jpg
480235617_944324264542987_3502406342898482970_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Өлкө аймагында жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар текшерилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Министрлик көзөмөлдү күчөтүү — транспорт мыйзамдарын так сактоо менен коопсуздукту камсыздап, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилейт. Ошондой эле, ведомство айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.