Өлкө аймагында жол белгилери жаңыланууда

Коом 15 ноябрь 2025 14:40
581703491_1148660834109328_5757608876229385992_n.jpg
583592628_1148660980775980_7805897643308197135_n.jpg
Алдыга
Артка
581703491_1148660834109328_5757608876229385992_n.jpg
583592628_1148660980775980_7805897643308197135_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Өлкө аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордо эскилиги жеткен жол белгилерди жаңылоо жана жол чийиндерин чийүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол белгилери "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устаканада чыгарылып жатат.

Белгилей кетсек, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 10 миң 50 даана жол белги даярдалды.