Өлкө аймагында ысык аба ырайы күтүлөт

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 15:25
603381625491088_big.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу эскертүү берди.

Анын маалыматына караганда, 3-5-июлда ысык аба-ырайы акырындык менен жогорулашы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +35…+40°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +36…+41°ка, ал эми Талас облусунун аймагында+33…+38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.