Кыргызгидромет кызматы 21–27-май күндөрүнө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады. Ага ылайык, аптанын көпчүлүк бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болушу мүмкүн.
Чүй жана Талас облустарында
21–27-май күндөрү Чүй жана Талас облустарында аба ырайы туруксуз болот. 21-майда түнкүсүн Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда негизинен жаан-чачын болбойт. 22–24-май күндөрү эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан күтүлөт. 25-майда дагы көпчүлүк аймактарда жаан-чачын сакталат. 26-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлсө, 27-майда түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт. Бирок күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
21–27-майларда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 21-майда түнкүсүн Ош жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Баткен облусунун айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз үч облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. 22–25-май күндөрү аймактардын басымдуу бөлүгүндө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы ыктымал. 26-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-майда түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт. Бирок күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Нарын жана Ысык-Көл облустарында
21–27-май күндөрү Нарын жана Ысык-Көл облустарында да туруксуз аба ырайы сакталат.
21-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 22–25-май күндөрү күндүз эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде нөшөрлүү жамгыр төгүшү ыктымал.
26-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн.
27-майда түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Синоптиктер бийик тоолуу райондордогу жолдор тайгак болуп, унаа кыймылы кыйындашы ыктымал экенин эскертет.