Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда "Кошумча жабдуу" жана "Техникалык абал" рейди өттү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, рейддик иштер 24-сентябрдан 3-октябрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлдү.
Рейддин максаты — жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулар тарабынан мыйзам бузуу учурларын аныктоо. Айрыкча төмөнкү эрежелердин бузулушуна көңүл бурулууда:
- транспорт каражаттарына мыйзамсыз кошумча жабдууларды орнотуу;
- техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын каттамда жүрүшү;
- унаалардын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу;
- түнкү убакта туура эмес орнотулган кошумча фараларды колдонуу, жол коопсуздугуна тоскоолдук жараткандар.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча айдоочуларга тийиштүү айып салынып, кээ бир учурларда унаалар айып короо жайына токтотулууда.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана унааларын техникалык талаптарга ылайык кармоого чакырат.