Өлкө аймагында бир жумада 343 мас айдоочу кармалды – ЖКККББ

Укук тартиби Загрузка... 23 Апрель 2025 09:26
WhatsApp Image 2025-02-24 at 14.57.47 (1).jpeg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Өлкө аймагында 14-апрелден 20-апрелге чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 607 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 779;
  • мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 343;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 158;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 380;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3510;
  • автоээнбаштык – 17;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3636;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 15 118;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3014  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.