Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Өлкө аймагында 21-апрелден тартып, 27-апрелге чейин 22 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 765;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 323;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 134;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 327;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3866;
- автээнбаштык - 24;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3521;
- жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу - 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары –13 857.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2862 автоунаа айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.