Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 3;
- Ош облусу – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.