Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, -23 градуска чейин суук күтүлөт

Коом Загрузка... 06 Декабрь 2025 14:21
кыш1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, 8-декабрында күндүз жана 9-10-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт.

Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

10-11-декабрларда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз -4 сууктан…+1° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -7…-12°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -28…-33°, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөйт.