Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкө аймагында 108 гектардан ашык аянтта чегирткелерге каршы күрөш жүрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылы жаздын эрте келиши, кургакчылык жана майдагы аномалдуу ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин массалык чыгууларына алып келди. Республика боюнча 154 493 га аянтта чегирткелердин очоктору аныкталып, анын ичинен 108 186 га аянтта химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.
Анын ичинен:
- Жалал-Абад облусу – 33 010 га;
- Ош облусу – 21 400 га;
- Баткен облусу – 24 030 га (3 410 га жеңил авиация менен);
- Чүй облусу – 10 416 га;
- Талас облусу – 3 430 га;
- Нарын облусу – 15 900 га.
Зыянсыздандыруу иштери Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин атайын техникасы жана "Шумкар" ААКнын жеңил авиациясы менен жүргүзүлдү.
Өлкөнүн Өзбекстан жана Казакстан менен чектеш аймактарында трансчегаралык мониторинг жүргүзүлүп, зыяндуу чегирткелердин республикага кирүү коркунучу жок экени аныкталды.