Бишкек, 3.09.25 /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы салган Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексиндеги көп кабаттуу үйдүн лифтинин тросу үзүлгөн эмес. Ал электр энергиясынын чыңалуусундагы өзгөрүүдөн улам токтоого мажбур болгон. Бул тууралуу аталган үйгө лифттерди орноштурган Sky Industrial Group компаниясынын техникалык директору Максат Абдрахманов билдирди.
“Жогорудан ылдый түшүп келе жатканда, үстүндө жайгашкан башкаруу блогу коргонууга өтүп, лифт токтоого мажбур болгон. Биздин адистер дароо келип, лифтти толугу менен кароодон өткөрүп чыгышты. Учурда ал кадимкисиндей эле иштеп жатат. Техникалык абалы туруктуу. Трос үзүлгөн деген маалымат туура эмес. Лифт жаңы болгон үчүн тросу үзүлбөшү керек”,- деп түшүндүрмө берген ал.
Белгилей кетсек, күн мурун Маликов көчөсүндөгү МИКтин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде лифттин тросу үзүлүп, ичиндеги бир адам жабыркады деген маалыматтар тараган.