Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган жоокердин абалы көзөмөлгө алынды

Кырсык Загрузка... 06 Апрель 2026 16:16
2022-10-20_09-17-22_687826.jpg

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган жоокердин абалы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 08:30 чамасында Ак-Суу – Раззаков унаа жолунда "Ак-Суу" чек ара заставасынын аскерлери "Кайрагач" заставасына кызмат өтөөгө бара жатышкан. Тоолуу жолдогу катуу силкинүүнүн кесепетинен 2004-жылы туулган катардагы жоокер Н.Д.Н. "УАЗ-Пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаанын кузовунан кулап кеткен.

Натыйжада аскер кызматкери эс-учун жоготуп, окуя болгон жерден дароо Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда жоокердин абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ага Ош шаарынан келген дарыгерлер тобу тарабынан шашылыш операция жасалды.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Лейлекке тажрыйбалуу нейрохирург жөнөтүлдү. Бейтапты Бишкекке жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар, бирок медициналык көрсөткүчтөргө ылайык, анын абалы толук турукташмайынча башка жакка ташууга уруксат бериле элек.

Учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары жетектеген ыкчам топ түзүлүп, окуянын себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кырдаал тиешелүү мамлекеттик органдардын толук көзөмөлүндө жана жабыркаган аскер бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.