Бишкектеги Леваневский көчөсүн оңдоп-түзөө иштери аяктады

Коом 231 28 Июль 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.28.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.28.44 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.28.44.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.28.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.28.44 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.28.44.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Леваневский көчөсүнүн Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктады.

Мэриянын маалыматына ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 750 метрди, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6,5 метрди түзөт.

Ошондой эле долбоордун алкагында жол инфраструктурасы комплекстүү түрдө жаңыланды. Көчөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, ошондой эле жаан-чачын жана кар сууларын натыйжалуу агызууга арналган суу өткөрүүчү арыктар курулду.